ЖЕТИ КАЗЫНАНЫН БИРИ...
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Төрөгелди Балтагулов атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Ызар айылынын ишкери Залкарбек Жаманбаев жети казынанын бирине кирген тоок ферма уюштуруп,жумурткаларын Ала-Букадагы азык-түлүк дүкөндөргө өткөрө баштады.Учурда 2250 тоок багылып, күнүнө 700-800 даана жумуртка берип жатат. Бул ишкер 10 жумушчу орун түзүү менен аз камсыз болгон үй бүлөлөргө кайрымдуулук кылып турат.
Камчыбек Камбарбеков Ала-Бука району.