Нурлан Эрматов Түркиянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

Нурлан Эрматов Түркиянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Нурлан Эрматов Түркия Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкем менен жолугушту.
Тараптар Жалал-Абад облусу менен Түркия шаарларынын ортосундагы боордоштук жана аймактар аралык кызматташуу маселелерин талкуулашты. Учурда Жалал-Абад шаары Түркиянын Измир, Тургутлу, Тарсус жана Хатай шаарлары менен боордоштук мамилелерди ар тараптуу өнүктүрүп келүүдө.
Жолугушууда экономикалык кызматташуу маселелерине токтолуп, 2024-жылы Түркия менен Жалал-Абад облусунун ортосундагы соода жүгүртүү 22,4 млн АКШ долларын түзгөнү, анын ичинен 15,8 млн доллар экспорт, ал эми 6,5 млн доллар импорт болгондугу маалымдалды.
Ошондой эле тоо-кен, кайра иштетүү, энергетика жана айыл чарба тармактарындагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр сунушталып, облустун артыкчылыктуу багыттары тууралуу маалымат берилди.
Өзгөчө көңүл Чаткал районундагы “Эти Бакыр-Терек Сай” ишканасына бурулду. Бул ишкана тарабынан курулган алтын ылгылоочу фабрика 2024-жылдын 30-августунда Кыргыз Республикасынын Президентинин онлайн катышуусунда ачылып, жылына 100 миң тонна алтын рудасын иштетүүгө жөндөмдүү. Жалпы инвестициянын көлөмү 230 млн АКШ долларын түзүп, 150 жаңы жумуш орду түзүлгөн.
Нурлан Эрматов Жалал-Абад облусу мындан ары да Түркия мамлекети менен кызматташууну тереңдетүүгө даяр экенин билдирип, бул жолугушуу элдердин ортосундагы салттуу достуктун, өз ара ишенимдин жана өнөктөштүктүн жаңы багытын ачаарын кошумчаланды.