Жалал-Абад: облус жетекчиси мекеме-ишканаларга Эгемендүүлүк күнүнө карата күчөтүлгөн тартипте иш алып барууну тапшырды

Жалал-Абад: облус жетекчиси мекеме-ишканаларга Эгемендүүлүк күнүнө карата күчөтүлгөн тартипте иш алып барууну тапшырды
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Эгемендүүлүк күнүнө карата даярдыктарды кароо боюнча жыйын өткөрдү.
Жыйынга облустук укук коргоо жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, жергиликтүү бийлик органдарынын, мекеме-ишканалардын башчылары катышты.
Облус башчысы бардык кызматтарды күчөтүлгөн тартипте иш алып барууга чакырып, тийиштүү тапшырмаларды берди. Өкүл төмөнкү багыттарга өзгөчө көңүл бурууну тапшырды:
-коомдук коопсуздукту сактоо жана укук бузуулардын алдын алуу;
-майрамдык иш-чаралар өтүүчү объекттерде тартипти камсыз кылуу;
-саламаттык сактоо тармагында атайын дарыгерлик бригадаларды уюштуруу;
-үзгүлтүксүз электр энергиясы жана байланыш кызматтарын камсыз кылуу;
-тазалыкты камсыз кылуу жана санитардык талаптарды сактоо;
-жол коопсуздугун камсыз кылуу жана тыгындардын алдын алуу;
-өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана ыкчам аракеттенүү боюнча даярдык көрүү.
Мындан тышкары, облус башчысы бардык мамлекеттик органдарды жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн майрамдык иш-чараларды жогорку деңгээлде уюштуруп өткөрүү үчүн өз ара тыгыз кызматташууга чакырды.