Аксыда 100 орундуу балдар бакчасынын курулушу башталды

Аксыда 100 орундуу балдар бакчасынын курулушу башталды

Райондун Үч-Коргон айыл аймагынын башчысы Маматысак Жапаровдун айтымында, Кум айылында буга чейин мектепке чейинки билим берүү мекемеси болгон эмес.

«Өткөн аптада Кум айылында 100 орундуу бала бакчанын долбоору иштелип чыгып, бүгүн пайдубалы түптөлдү. Ага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Аксы районунда иш сапар менен жүргөндө келип, катышты. Курулуштун жалпы сметасы 55 млн 583 миң сомду түзөт. Курулуш үчүн тендер жарыяланып, андан «Ак-Жол Строй Нур» ЖЧКсы 48 млн 229 миң 581 сомго утуп алып, ишти баштады. Буйруса балдар бакчасы 30-ноябрга чейин бүтүп калат деген план бар.

Буга чейин 4100дөн ашык калк жашаган айылда балдар бакчасы жок болгондуктан жергиликтүүлөр балдарын Шамалды-Сай шаарына алып барууга аргасыз болуп келген»,-дейт айыл өкмөт башчы М. Жапаров.

Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалыматка таянсак, «Ак-Жол Строй Нур» ЖЧКсы 2022-жылдын 30-майында кайра каттоодон өткөн. Анын жетекчиси катары Бакытбек уулу Нурсултан көрсөтүлгөн. Иш кана турак жай жана имараттарды куруу менен алектенет.