Облус жетекчиси Токтогулдагы социалдык жана инфраструктуралык долбоорлор менен таанышты

Облус жетекчиси  Токтогулдагы социалдык жана инфраструктуралык долбоорлор менен таанышты
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Токтогул шаарында иш сапары менен болуп, бир катар социалдык жана инфраструктуралык долбоорлор менен таанышты.
Иш сапардын алкагында 750 орундуу мектептин, 140 орундуу бала бакчанын жана 100 орундуу оорукананын даярдалган долбоорлору сунушталып, алардын ишке ашырылышы боюнча маалымат берилди. Мындан тышкары, Токтогул шаарынын ички жолдорун реконструкциялоо долбоору да сунушталып, анын алкагында жасала турган жумуштар тууралуу маалыматтар менен таанышты.
Ыйгарым укуктуу өкүл долбоорлордун сапаттуу жана өз убагында ишке ашырылышы маанилүү экенин белгилеп, тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.