Жалал-Абад облусунда 2025-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйын өткөрүлдү.
Жыйынга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Торобаев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, район жана шаар башчылары, айыл аймак, облустук жана район, шаарлардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Коллегиянын жүрүшүндө облус боюнча социалдык-экономикалык өнүгүүнүн негизги көрсөткүчтөрү талданып, жетишилген жыйынтыктар жана чечүүнү талап кылган маселелер каралды.
Өткөн жылдын жыйынтыгы менен өнөр жай продукциясынын физикалык көлөмүнүн индекси 125,8 пайызды, айыл чарбасынын өсүү темпи 105,3 пайызды, ал эми негизги капиталга инвестициялар 140,3 пайызды түздү. Жалпы 58 млрд 845 млн сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, облус республикадагы үлүшүн 7,4 пайызга жеткирди. Жыл ичинде 15 ири өндүрүштүк объект ишке берилип, 7 млрд сомдон ашуун инвестиция тартылды.
Айыл чарба тармагында 88 млрд 880,8 млн сомдук продукция өндүрүлүп, облус республика боюнча 19,3 пайыздык үлүшкө ээ болду. Мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгү 105,6 пайызга аткарылып, 27 млрд 806 млн сомду түзгөн.
Социалдык тармакта жыл ичинде 52 объект пайдаланууга берилди. Анын ичинде 24 бала бакча, 22 мектеп жана 15 спорттук объект курулуп, ишке киргизилди. Жалал-Абад мамлекеттик университетинин медициналык факультетине 50 бюджеттик орун ачылды.
Өткөн жылы облуста 26 667 ымыркай төрөлүп, бир жашка чейинки 301 баланын өлүмү катталган. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 41 учурга азайган.
Облуста “Менин үйүм” мамлекеттик турак жай программасынын алкагында иштер активдүү жүргүзүлүп, 2025-жылы 2 865 батир пайдаланууга берилген.
Социалдык келишим долбоору аркылуу 4 207 үй-бүлөгө 150 миң сомдон каржылык колдоо көрсөтүлгөн. Туризм тармагында облуска келген туристтердин саны 353 миңден ашып, жергиликтүү бюджетке 288 млн сомдон ашуун каражат түшкөн.
Коллегиянын жыйынтыгында облус башчысы Тилек Текебаев 2026-жылга карата район, шаар жетекчилерине жана облустук мекеме-ишканалардын башчыларына бир катар милдеттерди койду. Алар экономикалык өсүштү камсыз кылуу, инвестиция тартуу, социалдык инфраструктураны өнүктүрүү жана калктын жашоо сапатын жогорулатууга багытталган. Ошондой эле билим сапатын, медициналык кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу, жазгы талаа жумуштарына даярдык көрүү, суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу зарылдыгын эскертти. Коллегияда кабыл алынган чечимдердин аткарылышы көзөмөлгө алынып, тиешелүү чаралар көрүлөрү белгиленди.