Таш-Көмүрдө 55-жыл мурда курулган калкка ичүүчү суу жеткирген насостук станциялар жаңыланууда

Мындай маалыматты «Таш-Көмүр суу чарба» муниципалдык мекемесинин жетекчиси Азамат Жумашев билдирди.
Анын айтымында, калаа тургундарына суу жеткирген 5 насостук
станция сууга болгон керектөө күч алган учурда иштей, бузулуп кызматкерлердин шаштысын алчу.
«21 миңден ашык калкы бар Таш-Көмүр шаарындагы «Суу чарба» ишканасы союз
учурунда, тактап айтканда 1960-1970-жылдары курулуп, ишке кирген. Өлкө
эгемендүүлүк алгандан кийин ишкананы өзүн-өзү тейлеген мекеме катары бөлүп
койгон. Биздеги эң чоң көйгөй жайдын күнү калкка суу жеткирүүдө кыйынчылыктар жаралып келет. Себеби, аптатуу күндө сууга болгон керектөө артат, андан сырткары жыл сайын калктын саны өсүп жатат. Тагырагы 55 жыл мурун орнотулган жабдуулар, азыркы калктын санына ылайыкташпаган. Мындан улам эски жабдуулар күйүп, суу берүүдө үзгүлтүктөр орун алат.
Мындан улам былтыркы жылы жалпы наркы 4 млн евролук долбоор сунушталып, ал Европа өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган. Сумманын 2 млн евросу гранд болсо, калган 2 млн евросу насыя эсебинде берилет. Азыркы тапта долбоордун алгачкы жумуштары аткарыла баштады. Тактап айтсам, бүгүнкү күнгө чейин жаңы техникалар сатылып алынып берилди. Быйылкы жылдын 3-кварталына чейин автоматташтырылган 2 насостук станция жана суу кампаларынын курулуш иштери башталып, биз үчүн керек болгон жабдуулар алынып, суу тазалоодогу атайын лабораториянын курулмалары толугу менен келип, орнотулат. Ал аягына чыкса калкка берилчү суу тыкыр фильтрациядан өтүп, анан берилет. Ага удаа эле жаңыланган техникалар менен бирге биздин эски имаратыбыз да заманбап болуп оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Долбоордун мөөнөтү 2027-жылга чейин көрсөтүлгөн ал аягына чыкканга чейин шаар ичиндеги 1980-жылы орнотулган негизги түтүктөр да толугу менен алмаштырылып, суу өлчөгүчтөр да орнотулат»,-деди Жумашев.
Мындан сырткары ал ушул тапта калктын ичүүсү үчүн Таш-Көмүр платинасынан алынып, залансыздандырып берилген система насостордун жардамы менен иштегендиктен электр энергиясын көп талап кылып, көп чыгашаны талап кылаарын. Алдыңкы жылдары мекеме өз алдынча (саматёк ыкмасы менен) Күрпсай ГЭСинин платинасынан атайын түтүктөр менен суу тартып келип, суу кампаларына жеткирүүнү болжоп жатат. Бул чыгашаны бир канча кыскартаарын кошумчалады.
14 миңдей абоненти бар «Таш-Көмүр суу чарба» муниципалдык мекемеси ушул тапта шаар калкынын 70%на 24 саат үзгүлтүсүз суу менен камсыздаса,калган 30%на сааты менен ичүүчү суу берип келет.