Жалал-Абад: Президенттин онлайн катышуусунда 34 обьект пайдаланууга берилди

Жалал-Абад облусунда өлкө башчысы Садыр Жапаровдун онлайн катышуусу менен 34 социалдык объект пайдаланууга берилди.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Нурлан Эрматов Ноокен районунун Шайдан айыл аймагынын Бирдик айылындагы 275 орундуу №27 мектеп имаратынын салтанаттуу ачылыш аземине катышты.
Ачылган социалдык объекттер төмөнкүлөр:
Жалал-Абад шаары:
-№1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун имараты;
-Айым-Арал аймагындагы жаңы бала бакча имараты;
-100 орундуу перинаталдык борбор;
-“Кембридж” жеке менчик мектеби.
Аксы району:
-Жаңы-Жол айыл аймагындагы Ак-Жол айылында маданият үйү.
Ала-Бука району:
-Ынтымак айыл аймагындагы Көк-Таш айылында оорукана имараты;
-Теңги айылында жаңы спорт залы.
Базар-Коргон району:
-Бешик-Жон айыл аймагындагы Карача айылында №8 Карача атындагы мектеп имараты;
-Арстанбап-Ата айылындагы Арсланбап айылындагы №19 мектептин спорт залы;
-Кеңеш айыл аймагындагы 1-Май айылында бала бакча имараты;
-Арстанбап-Ата айылындагы Кара-Ой айылында №41 мектепке кошумча окуу корпусу;
-Сайдикум айыл аймагындагы Хаджир-Абад айылында бала бакча;
-Базар-Коргон шаарындагы жаңы бала бакча.
Кара-Көл шаары:
-Жазы-Кечүү айылында Т.Темиров атындагы №6 мектеп-гимназиясынын имараты.
Ноокен району:
-Шайдан айыл аймагындагы Бирдик айылында 275 орундуу №27 мектеп;
-Шамалды-Сай шаарындагы оорукана имараты;
-Д. Садырбаев айыл аймагындагы Черемушка айылында 150 орундуу №43 Ак-Жол мектеби.
Сузак району:
-Көк-Арт айыл аймагындагы Жалгыз-Жангак айылында бала бакча;
-Сузак айылындагы №16 С.Акбаров мектебине кошумча имараты;
-Көк-Арт айыл аймагындагы Кара-Чолок айылында Исмаил атындагы мектептин актовый залы;
-Кара-Дарыя айыл аймагындагы Чангыр-Таш айылында №12 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун жана филиалынын имараты;
-Багыш айыл аймагындагы №52 Т.Арзыкулов мектеби;
-Каду айылындагы №67 мектептин спорт залы;
-Сузак райондук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү;
-Көк-Арт айыл аймагындагы Жалгыз-Жангак айылында 375 орундуу С.Казакбаев мектеби;
-Кызыл-Туу айыл аймагындагы Ак-Баш айылында Э.Торобаев мектебине кошумча имараты;
-Садда айыл аймагындагы №103 мектеп;
-Барпы айыл аймагындагы Төөлөс айылында бала бакча.
Токтогул району:
-Кызыл-Өзгөрүш айылында А. Ибраимов мектеби;
-Арал айылында 225 орундуу Т.Тешебаев мектеби;
-Үч-Терек айылында №29 М. Нургазиев мектебинин капиталдык ремонту;
-Бала-Чычкан айылында №8 А. Иманбаев мектебинин капиталдык ремонту.
Чаткал району:
-Каныш-Кыя айыл аймагындагы Кайың-Суу айылында жаңы мектеп имараты.
Бул социалдык объекттердин ачылышы аймактардагы билим берүү, саламаттык сактоо жана маданий инфратүзүмдү чыңдоого багытталган.