Жалал-Абадда эгемендүүлүк майрамын утурлай даярдыктар кызуу жүрүп жатат (сүрөт баян)

Калаанын Эркиндик аянтында боз үйлөр тигилип, концертке даярдыктар көрүлүүдө. Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиргендей өлкөнүн 7 дубанынан келгендер 8 боз үй, облустагы район-шаарлардан келгендер 13 боз үй тигишти. Аны менен катар жеңил, оор өнөр жай жана айыл чарба продукцияларынын жарманкеси уюштурулат.
Ал эми 30-август күнү эртең мененки саат 9дан кечки саат 18:00гө чейин эстрада жылдыздарынын коштоосундагы концерт болоору белгилүү болду.