КУУРЧАКТАР ЖАРМАНКЕСИ

КУУРЧАКТАР ЖАРМАНКЕСИ

Бүгүн, Ала-Бука районундагы Тураббаев атындагы жалпы билим берүү мектебинде райондук билим берүү бөлүмү,Добул Шабданов атындагы балдардын билим берүү борбору "Куурчак жарманкесин" өткөрүштү.Иш чаранын максаты:Кыргыз Республикасынын Президентинин"Инсандын руханий адеп-ахлактык жана дене тарбиясы жөнүндө","Улуттук нарк жөнүндө"Жарлыгын ишке ашыруу,кол өнөрчүлүк аркылуу балдардын аң сезимин өстүрүү,ички табияты менен катар дүйнөгө болгон көз карашын калыптандыруу.

Иш чарага 45 мектептен чакырылгандар келип,жарманкеге куурчактарын коюп,технология мугалимдери үчүн мастер класстар,куурчактар боюнча окуучулардын презентациясы,концерттик программалар тартууланды.Бул иш чараны өткөрүүгө кеткен чыгымды Добул Шабдановдун уул,кыздары көтөрүштү. Артыкчылыкка ээ болгон мектептерге уюштуруучулардын сыйлыктары берилди .Жарменкенин катышуучуларына Добул Шабданов атынлагы балдардын билим берүү борборунун жетекчиси Таалайкүл Өмүрова ыраазычылыгын билдирди.

Камчыбек Камбарбеков, "Акыйкат", Ала-Бука району