Эмгек акы 1000 долларга чейин: Манас шаарында кытай компаниялары 100дөн ашык иш орун сунуштады (сүрөт баян)

Эмгек акы 1000 долларга чейин: Манас шаарында кытай компаниялары 100дөн ашык иш орун сунуштады (сүрөт баян)

Манаста алгачкы жолу Кытай ишканаларынын бош жумуш орундар жарманкеси болду. Саамалык Жалал-Абад мамлекеттик университетинин базасында уюштурулган. Ага дубанда иш алып барган чет өлкөлүк ишканалардын өкүлдөрү, жумуш берүүчүлөр жана иш издеген жарандар, студенттер катышты.

ЖаМУнун Конфуций институтунун директору Мавлюда Шакирова бул күнү 10дой ишканадан 100дөн ашык ваканциялар сунушталганын айтат.

“Иш берүүчүлөр кызмат көрсөтүү, мейманкана, кафе-ресторандар жана өндүрүштүк мекемелерден келгендер. Алардын айрымдарында кытай тилин билүүгө артыкчылык берилсе, көбүн эсе тил билүү шарт эместей. Айлык акысы да котормочулар үчүн 1000 доллардын тегерегиндеги акы сунушталды, калган жумушчуларга башталышы 49 миң сомдон башталган эмгек акы сунушталып жатат. Иш издеген жарандарга жакшы мүмкүнчүлүк болду”-,дейт М. Шакирова.

Кыргызстандын түштүгүндөгү кытай ишкерлеринин соода палатасынын бирикмесинин жетекчиси Сю Мао Хуа облус аймагында иш алып барган 20дай чет өлкөлүк компанияларга катардагы кызматкерлерден тарта башкаруучуларга чейин бош жумуш орундары бар экенин айтты.

Кошумчалай кетсек, ЖаМУнун Конфуций институтунда бүгүнкү күнү 700дөн ашык студент кытай тилин үйрөнүп, билим алып жатышат.