Объектилерин жылытуудагы өрт коопсуздугу. Адистер эскертет!

От жагуучу сезон башталар алдында мештерди, буу казандарын, жылуулук генераторлорун, калорифердик орнотмолорду жана очокторду (каминдер), ошондой эле башка от жагуучу приборлор менен системаларды текшерүү жана оңдоо керек.
Күйүүчү конструкциялардан өрткө каршы бөлүп турган (алыстатылган) жасалгасыз, өлчөмү 0,5x0,7 метрден кем болбогон күйбөй турган материалдан жасалып, от жага турган жерге төшөлө турган темирсиз (жыгач же күйө турган материалдардан жасалган полдо), ошондой эле бөлүп турган жери (алыстатылган) жана от жагыла турган төшөлгөсү күйүп же бузулуп калган учурда мешти жана от жагыла турган приборлорду колдонууга тыюу салынат.
От жагуучу сезон башталаар алдында, ошондой эле от жагуу сезонунун ичинде морлордун жана мештердин (от жагылуучу приборлорду кошо) көөсүн тазалоо зарыл.
Буу казандарын жана башка жылуулук берүүчү орнотмолорду пайдаланууда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) өрт коопсуздугунун чаралары жөнүндө инструкциядан өтпөгөн адамдарды иштетүүгө;
2) мунай продуктыларын жана жабдууларды колдонуунун техникалык шарттарында каралбаган башка тез тутануучу жана күйүүчү суюктуктарды отун катары пайдаланууга;
3) жылуулук бере турган системадан суюк отун тамчылаган (газ чыккан) жылуулук берүүчү орнотмону, ошондой эле от жагылган жердеги жана ичинде отуну бар сыйымдуулуктагы чоргодон суюк отун чыккан учурда мындай жылуулук берүүчү орнотмолорду пайдаланууга;
4) форсункалары же газ күйө турган жерлери бузулганда отунду берүүгө;
5) алдын ала үйлөтпөстөн орнотмону иштетүүгө;
6) даярдаган ишкана тарабынан каралган контролдоочу жана жөнгө салуучу приборлор бузук болгондо же өчүрүлгөндө аны иштетүү;
7) кандайдыр бир күйүүчү материалдарды буу казандарында жана буу өткөргүчтөрүндө кургатууга;
8) түтүн чыгуучу морунун көөсү тазаланбаган катуу отун жагылуучу буу казандарын колдонууга.
Меш аркылуу от жагып жылытууда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) от күйүп жаткан мешти кароосуз калтырууга, ошондой эле көзөмөлдөөнү балдарга тапшырууга;
2) отунду, башка күйүүчү заттарды жана материалдарды төшөлгөн темирдин бетине калтырууга;
3) көмүрдү, коксту жана газды отундун бул түрлөрүнө ылайыкталбаган мешке жагууга;
4) желдеткич жана газ каналдарын мор катары пайдаланууга;
5) мешти ашыкча какшытууга.
Имарат-жайларда (турак үйлөрдү кошпогондо) мешке от жагуу иш бүтөрүнө 2 саат калгандан кечиктирилбестен, ал эми адамдар сутка бою боло турган ооруканаларда жана башка коргоо объектилеринде оорулуулар уктарына 2 саат калганда токтотулууга тийиш.
Мештен чыккан күл менен шлак суу куюп өчүрүлүп, атайын бөлүнгөн жерге төгүлүүгө тийиш.
Товарлар, текчелер, витриналар, прилавкалар, шкафтар жана башка жабдуулар мештен 0,7 метрден жакын эмес жерге, ал эми мештин оозунан 1,25 метрден кем эмес жерге жайгаштырылат.
Металл мештерди колдонгон учурда жабдуулар мештен 2 метрден кем эмес аралыкка жайгаштырылууга тийиш.
Уюмдун жетекчиси түтүн чыккан морлордун жана дубалдын түтүн өткөн беттерин актатат.
Жылуулук өткөрүүчү аппараттарды колдонууда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) жылуулук өткөн жерлерден жылчык чыккан аппаратта жана анын ачып-жаап турган клапаны бузук болгондо, форсунканын корпусунун жылуулукту айдоочу аппарат менен кошулган жерлеринен жылчык чыкканда, морлору, электр кыймылдаткычтары жана коргой турган аппараттары бузук болгондо, ошондой эле электр кыймылдаткычынын ысыктан коргоочусу болбогондо жана башка бузуктарда иштөөгө;
2) отун куюлган бактары ачык аппаратта иштөөгө;
3) жөнгө салынбаган форсунка менен (отунду берүүсү бузулган) иштегенде;
4) аппараттын жана отун куюлган бактардын жанына күйгүчтүгү Г3-Г4 тобундагы материалдан тосмо коюуга. Материалдардын күйгүчтүк тобунун классификациясы, "Өрт коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен, жана тиешелүү курулуш ченемдер жана эрежелер менен аныкталат;
5) отун өткөн түтүктөрдү ачык жалын менен жылытууга;
6) жумушчу аралашманы карай турган тешикче аркылуу тамызууга;
7) жылуулукту айдаган аппарат иштеп жатканда шамдардын электроддорунун ортосундагы жылчыкты жөнгө салууга;
8) аба тарткан коллекторлордун коргоочу торчосу болбогондо жана бузулганда жылуулук айдоочу аппаратты иштетүүгө;
9) жылуулук айдоочу аппарат иштеп жатканда кароосуз калтырууга;
10) жылуулук айдоочу аппараттарды пайдалануу шартын бузууга, аларды бул максат үчүн ыңгайлашпаган жайга (жерге) жайгаштырууга.
- Белги бергичи жана желдеткичи иштебеген учурда жылытуучу элементтерге электр кубатын берүүнү токтоткон бекиткичи жана электрика менен жылуулук коргоосу тарабынан каралган чыгып турган абанын температурасын башкарган автоматикасы оң абалда гана электр калориферлерди колдонууга жол берилет.
Калориферлерди пайдаланууда төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) белги бергичин жана бөгөт койгучун өчүрүүгө;
2) электр калориферинин корпусу менен вентилятордун ортосундагы жумшак кыпчыткы үчүн күйүүчү материалдарды колдонууга;
3) электр калориферинен чыккан абаны аны даярдаган завод жол бергендегиден ашкан температурага жогорулатууга;
4) желдеткич иштебей калганда электр калориферин иштетүүгө (бөгөлүп калганын орнотмону иштетер алдында ар жолу текшерип туруу керек);
5) кийим-кечекти же башка күйүүчү материалдарды электр калориферинде же ага жакын жерде кургатууга.
Жалал-Абад шаары боюнча ӨКБнүн ӨӨжААБнүн башчысы
майор Айбек Иманов