Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Манас шаарында өткөн “Манас Экспо – 2025” эл аралык форумуна катышты.
Форум Борбор Азия өлкөлөрү жана өнөктөш мамлекеттер ортосундагы экономикалык кызматташтыкты чыңдоого, чек аралык сооданы, инвестициялык өз ара аракеттенүүнү жана регионалдык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө багытталган.
Иш-чарага Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Александра Соловьева, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын вице-президенти Нурлан Нартаев, Кыргыз Республикасынын түштүк облустары боюнча региондук инвестициялык кеңештердин катчылыктарынын координатору Мыктыбек Осмоналиев, Өзбекстан, Тажикстан жана башка өлкөлөрдөн келген ишкерлер, инвесторлор, соода-өнөр жай палаталарынын өкүлдөрү, ошондой эле жергиликтүү ишкерлер жана мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты.
Форумдун жүрүшүндө аймактагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөр, экспорттук потенциал жана жаңы бизнес долбоорлор талкууланды.
Облус башчысы Тилек Текебаев форумдун катышуучуларына ыраазычылык билдирип, иш-чара Манас шаарынын гана эмес, бүтүндөй Жалал-Абад облусунун өнүгүүсүнө өбөлгө түзө турган маанилүү аянтча экенин белгиледи.
—“Биз үчүн негизги максат — ишкердикти колдоо, жаңы өндүрүштөрдү ачуу жана регион аралык байланыштарды чыңдоо. Ушундай иш-чаралар аркылуу аймактар ортосундагы ишеним бекемделип, эл аралык деңгээлдеги кызматташтык жаңы деңгээлге чыгат”, — деди Тилек Текебаев.
Форум Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты жана Регионалдык инвестициялык кеңеш тарабынан демилгеленип, Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы, Эл аралык миграция уюму жана “Бакай Банктын” колдоосу менен уюштурулган.