“Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Алыкуловдун 2023-жыл ичинде айылдык кеңеш тарабынан кабыл алган токтомдордун аткарылышы жөнүндө”
Бүргөндү айылдык кеңешинин
XXVIII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы
Жаңы-Арык айылы № 1 ТОКТОМУ 7-февраль 2024-жыл
“Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Алыкуловдун 2023-жыл ичинде айылдык кеңеш тарабынан кабыл алган токтомдордун аткарылышы жөнүндө”
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Алыкуловдун 2023-жыл ичинде айылдык кеңеш тарабынан кабыл алган токтомдордун аткарылышы боюнча маалыматын угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXVI сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Ш.Алыкуловдун 2023-жыл ичиндеги айылдык кеңетин кабыл алган токтомдорунун аткарылышы боюнча маалыматы эске алынсын.
2.Бүргөндү айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык тармагын өнүктүрүүдө аткарылган иштери боюнча төмөнкүлөр 2024-жылга бүткөрүлүүсү жана кемчилдиктерди калыбына келтирүүсү белгиленсин.
- калкты турак жай менен камсыз кылууда кезектүүлүктүн ачыктыгын камсыздоо менен айыл өкмөтүнүн атайын маалымат тактайчасына тизмени илүү ошондой эле турак жай жер участокторунун жер аянттарын трансформациялоо (которуу) иштерин колго алуу
- калктуу конуштар ичинен берилип жаткан турак жай жер участоктордун мыйзамдуулугун колго алуу, аймагыбыздагы каналдардын жээгиндеги аймактарын турак жай берүүдө сакталышын көзөмөлгө алуу
- жергиликтүү калкты таза ичүүчү суу менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу ошондой эле алдына ала чараларды көрүү
- айыл аймактагы кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин өз учурунда ижаралоо жана ижаралоодогу түзүлгөн келишимдерди тактоо, өндүрүмдүүлүктү колго алуу
- ички тышкы инвестицияларды тартуу менен 2023-жылдын ичинде курулуш иштерине бөлүнгөн акча каражаттарын максаттуу пайдалануу жана курулуш иштерин толугу менен бүткөрүү
- аймагыбыздагы аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө жөлөк пул чектөөдө жөлөк пул алуучуларга көмөк көрсөтүү
- айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлери тарабынан жергиликтүү калкка кызмат көрсөтүүдө жылуу мамиледе болууну колго алуу жана ага карата тиешелүү чараларды көрүү
- өз функционалдык милдеттерин так аткарбаган айыл өкмөтүнүн адистерине тиешелүү чараларды көрүү
- “Келечек” каналынын кредиттик төлөмдөрүн төлөө үчүн алдына ала тиешелүү чараларды көрүү менен курулган каналдан агын суу менен камсыз болуп, өз алдынча жерлерди пайдаланып жаткан жергиликтүү калкты тыюуу менен тиешелүү мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык жердин категориясын аныктоо менен жер аянттарын ижара эсебинде арыз менен кайрылган жергиликтүү атуулдарга ажыратып берүүнү тез аранын ичинде колго алуу
- Жогорудагы сын-пикирлерди эске алуу менен айыл өкмөт башчысы Ш.Алыкуловдун 2023-жыл ичинде айылдык кеңеш тарабынан кабыл алынган токтомдордун аткарылышы боюнча маалыматы канааттандыраарлык деп табылсын.
- Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
- Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳжагы айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары М. Каримовага милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык
кеңешинин төрагасы: А. Кубатбеков