АКСЫГА КЕЛСЕҢ АБАЙЛА, ДӨҢГӨЛӨКТӨН АЖЫРАЙСЫҢ

АКСЫГА КЕЛСЕҢ АБАЙЛА, ДӨҢГӨЛӨКТӨН АЖЫРАЙСЫҢ

Аксылык журналист,жазуучу Абдымомун Калбаев аталган райондун аймагындагы жолдордун абалына кейип төмөндөгүдөй маалыматты билдирди..

"Бул эң туура сөз экендигин эч ким таңбайт.  Аксы аймагындагы Чаткал, Ала-Бука, Аксы райондорунун элин борбор менен, облустун борбору Жалал -Абад шаары менен байланыштырган негизги жол болуп эсептелген Кербен-Кара-Жыгач-Тегене-Таш-Көмүр жолунун Кара-Жыгачтан -Кербенге чейинки 35 километри, ал эми Кербен-Үч -Коргон трассасынын Үч-Коргон-Майлы-Сай шаарчасына чейинки 25 километри машина жүрүүгө жараксыз болуп калган. Азырынча бул райондор аралык жол, качан оңолорунун дайыны жок. Учурда мына ушул жолдордун акыбалына адам эмес мышык ыйлайт. Ошондой эле Ак-Суу -Майлы-Сай-Кербен жолунун Майлы-Суудан Ак-Сууга чейинки  33 километри өмүрү асфальт көрбөгөн жол, элдин тили менен айтканда "шифер" болуп калган, жазда сел бузуп кетет, анткени жол сайдын ичи менен кетет, жазда машиналар тыгылып, бирин-бири тартып эле азап чегип жатат. Бул жолдор тууралуу 33 жылдан бери эле ыйлактап эл айтып келе жатат, бирок бир да чиновник ушул жолдорду оңдоп берем деп айта элек, элди сооротмок үчүн жыл сайын  грейдерлеп коет, анысы бир жумага чыдабайт. Кайра эле таз кейип кийип калат. Оңдомуш болуп коет. Ал эми аталган жолду тейлеген Таш-Көмүр шаарындагы   жол пайдалануу ишканасы, Кербен шаарындагы ДЭП-12 ишканасы  жазда жасай турган жол жамак ремонтуна каражат издеп, ал табылса мазут табылбай ошентип жүрүп күз келет, бир эки жердин чункурун күздө чокуламыш болуп көрүнүп коюушат да жоголушат. Ага чейин кар жаап калып кийинки жылдын жазына калат, ошентип өңгүл-дөңгүл жол дагы калат.  Жол өлкөнүн экономикасынын кан тамыры болуп турса, анан ушундай жол менен экономикабыз көтөрүлөбү. Биринчи кезекте жолду жолдой кылып сапаттуу оңдоонун зарылчылыгы келип чыгып олтурат.

           Үч райондун эли жол азабын тартып келе жатса, анан Бейштин төрүндөй болгон бул аймакка  кайдагы турист келет. Келсе да Аксынын жолдору көп жыл эсинен чыкпай, түшүнө кирип келгиси келсе да жолду ойлогондо баргысы келбей калышы мүмкүн.  Эми быйылкы жылда жол асфальтталып, жамак иштери качан башталары азырынча белгисиз, чын эле Аксыга келсең абайла, дөңгөлөктөн ажырайсың деп  айтып коюу адамдык парзыбыз болуп калды. Өзгөчө жогорудан аталган эки трассанын бири Боспу тоосунун оң тарабынан, бир сол тарабынан айланып Ош-Бишкек трассасына барып кошулат.  Сөзүбүз куру болбосун үчүн Кербен -Үч-Коргон жолунан тартылган сүрөттөрдү да келтире кетүүнү туура көрүп олтурабыз.  Ал эми Кербен-Кара-Жыгач жолундагы көрүнүштү көрсөтүп үшүңүздү албай эле коюну туура көрүп калдык.  Демек дагы бир ирет айтарыбыз Аксыга келем десеңиз абайлаңыз" - деп жазган.

    "Акыйкат"