Манас шаары боюнча Камчыбек Ташиевдин пикири

Манас шаары боюнча Камчыбек Ташиевдин пикири

Камчыбек Ташиевдин маанилүү пикири

КР Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары УКМК төрагасы, генерал-полковник Камчыбек Ташиев Жалал-Абад шаарынын аталышын “Манас шаары” деп өзгөртүү демилгеси боюнча өз оюн билдирди.

Ал белгилегендей, бул маселе тарыхый мааниге ээ болуп, элибиздин улуу мурасы – Манастын ысымын даңазалоо менен бирге, келечек муундар үчүн да зор руханий белек болмок. Манастын ысымы – биримдиктин, күч-кубаттын жана мекенчилдиктин символу экендигин Ташиев өзгөчө баса белгиледи.

“Элибиз Манасты ар дайым жүрөгүндө көтөрүп жүрөт. Шаардын анын ысымын алып жүрүүсү кыргыздын тарыхын жана духун түбөлүк сактоого багытталган чоң кадам болот”, – деди ал.