Ала-Бука—Жаңы-Базар—Кировка унаа жолунда 5 жерге кар көчкү түштү
11-февралда Ала-Бука—Жаңы-Базар—Кировка унаа жолунун 93-
101-чакырым аралыктарында 5 жерге кар көчкү түшкөнү аныкталды. Бул тууралуу
ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, учурда көчкүнүн көлөмү такталууда. Жерине тазалоо
иштерин жүргүзүү үчүн 2 жүктөгүч жана 1 грейдер тартылып, жолду ачуу иштери
жүргүзүлүүдө.
Учурда кар көчкүнүн кайра түшүү кооптуулугу сакталууда.
Аба ырайынын шарттарына байланыштуу Чаткал райондук мамлекеттик
администрациясынын башчысы — акимдин №36-т тескемесинин негизинде
аталган унаа жолдо 2026-жылдын 10-февраль күнү кечки саат 23:00дөн тартып аба
ырайы турукташканга чейин унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө
киргизилди.