Манаста улуттар аралык ынтымак жана кызматташтык маселелери талкууланды

Манаста улуттар аралык ынтымак жана кызматташтык маселелери талкууланды
Манас шаарында мэрдин биринчи орун басары Дамирбек Давляновдун катышуусунда Кыргызстан элинин Ассамблеясынын Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн башчысы Каныбек Тилекеев жана шаар аймагындагы улуттук-маданий борборлордун, диаспоралардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүлдү.
Жолугушуунун жүрүшүндө улуттар аралык ынтымакты жана достукту чыңдоо, коомдогу биримдикти бекемдөө маселелери талкууланды. Ошондой эле улуттук-маданий борборлордун ишмердүүлүгүнө шарт түзүү, аларга имарат бөлүп берүү мүмкүнчүлүктөрү жана башка бир катар актуалдуу маселелер каралды.
Жолугушууга катышкан тараптар этностор аралык ынтымакты сактоо — коомдун туруктуу өнүгүүсүнүн негизги факторлорунун бири экенин белгилешип, мындан ары да өз ара кызматташтыкты бекемдөө багытында биргелешкен иштерди жүргүзүү зарылдыгын айтышты.
Иш-чара суроо-жооп форматында өтүп, диаспора өкүлдөрү өз сунуштарын жана көйгөйлөрүн ортого салышты. Көтөрүлгөн маселелер боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлөрү белгиленди.