Токтогулда айыл чарба багытындагы жерди жараксыз абалга келтирген жаран бир айга камакка алынды

Токтогулда айыл чарба багытындагы жерди жараксыз абалга келтирген жаран бир айга камакка алынды

 Мындай маалыматты Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан маалымдашты. Белгилүү болгондой, аталган  факт милициянын  реестрине катталып, Токтогул райондук ички иштер бөлүмү тарабынан тергөө иштери башталган.

“Райондун Торкен айылындагы 0,15 га жер тилкеси короо сарай куруу максатында аталган айылдын тургуну Р.Б. аттуу жаранга мыйзамсыз берилгени аныкталган. Ошондой эле ал өз алдынча 0,31 га жердин кыртышын бузуп, мамлекетке зыян келтиргендиги такталган.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Жалал-Абад регионалдык башкармалыгы тарабынан Р.Б. аттуу жаран мамлекетке 892 800 сом өлчөмүндө зыян келтиргендиги аныкталган.

Токтогул райондук соту тарабынан Р.Б. аттуу жаранга карата 1 айга камакка алуу бөгөт коюу чарасы тандалган.

Мындан тышкары, айыпталуучу Р.Б.нын үйүнө жүргүзүлгөн тинтүү учурунда ок атуучу курал табылып, ага карата соттук-баллистикалык экспертиза дайындалган.

Учурда тергөө иштери улантылууда”-,деп айтылат милициянын маалыматында.