Бүгүн, 16-сентябрда Жалал-Абад шаарынын Масадан айылында №34 "Тунук" бала бакчасы пайдаланууга берилди. Анын ачылуу аземине Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Нуртилек Болотов баштаган депутаттар, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Жеңиш Байзаков, бала бакчанын эмгек жамааты жана жергиликтүү тургундар катышты.
Шаар мэри жыл сайын билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп, мектеп, бала бакча муктаждыктарын жоюу боюнча алгылыктуу иштер жүрүп жаткандыгын белгилеп, шаар тургундарын бала бакчанын ачылышы менен куттуктады.
Белгилей кетсек, "Тунук" балдар бакчасы буга чейин №33 Фуркат мектебинин эски имараты болчу. Жергиликтүү бюджеттен 13 млн. 371 миң сом акча каражаты жумшалып, имарат толук капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, имарат 100 орундуу бала бакчага ылайыкташтырылды.
Эске салсак, аталган айылда буга чейин бала бакча болгон эмес.