Жалал-Абадда алгачкы жолу облус башчысынын окуучулар арасындагы предметтик олимпиадасынын жеңүүчүлөрү сыйланды (сүрөт баян)

Жалал-Абадда алгачкы жолу облус башчысынын окуучулар арасындагы предметтик олимпиадасынын жеңүүчүлөрү сыйланды (сүрөт баян)

Эки күнгө созулган билим таймашына облус боюнча бардык район, шаарлардан жалпы сынактардын негизинде 4528 окуучунун арасынан тандалып алынган 147 окуучу катышты.
Катышуучулар 6 предметтен, тагырагы  математика, география, физика, химия, биология жана информатика предметтери боюнча өз билимдерин сынашты.
Сыйлоо аземине облус башчысы Тилек Текебаев, Жалал-Абад обустук усулдук билим берүү борборунун башчысы Шайырбек Эргешов, окуучулар жана аларды даярдаган мугалимдер катышты. 
Олимпиаданы уюштурууга жана байге фондуна облус башчысынын резервдик фондунан жана демөөрчүлөрдүн колдоосу менен  жалпы 1 миллион 50 миң сом каражат бөлүнгөн. Бул каражаттын негизги бөлүгү жеңүүчүлөрдү сыйлоого жана иш-чараны өткөрүүгө багытталган.
Салтанаттын жүрүшүндө олимпиаданын 18 жеңүүчү окуучуларына диплом, телефон, телевизор жана планшеттер тапшырылды. Ага удаа эле алар Манас шаарындагы К. Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетине 100%, 50% жана 30% дык окуу акысына жеңилдик сертификаттарына ээ болушту. Аны менен катар окуучулары алдыңкы орундарды камсыздаган 18 мугалимге дипломдор жана 15 миң, 10 миң жана 5 миң сомдук акчалай сыйлыктар ыйгарылды.