453 ДААНА ТЕХНИКАЛАР ТАПШЫРЫЛДЫ
Бүгүн, 30-январда Транспорт жана коммуникациялар министрлигине бюджеттин эсебинен сатып алынган 453 атайын техниканы тапшыруу аземи өттү. Мындай маалымат аталган министрликтин интернет булактарындагы баракчаларына жарыяланды.
Техникалык базаны жаңылоо менен катар жолчулардын жумушун жеңилдетүү максатында 2024-жылы бюджеттин эсебинен 453 атайын техника сатып алынып, өлкөгө жеткирилди. Бул техникалар аймактарга бөлүштүрүп берилет.
Министрликтин маалымат кызматы жазгандай, өлкө эгемендүүлүк алгандан бери КРдин Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси менен биринчи жолу республикалык бюджеттин эсебинен 2022-2023-жылдар аралыгында жалпысынан 297 даана техника алынган.
Мындан тышкары, 2025-2026-жылдары япониялык JICA агенттигинин колдоосу менен 48 даана, Кытай мамлекетинин гранттык колдоосунун алкагында 144 даана, Дүйнөлүк банктын колдоосу менен 69 даана, Корея өнүктүрүү фондунун эсебинен 223 даана техниканы жана жабдыктарды алуу күтүлүүдө. Жыйынтыгында, 2023-2026-жылдар аралыгында министрликтин техникалык базасы 1234 даана жаңы техника жана жабдыктар менен толукталат.
Техникаларды тапшыруу иш-чарасына КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы — КР Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев, Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев баштаган министрликтин кызматкерлери катышты – деп айтылат маалыматта.
“Акыйкат”