Жалал-Абад шаарына Кытайдын Анканг шаарынан делегация келди

Жалал-Абад шаарына Кытайдын Анканг шаарынан делегация келди

Бүгүн Жалал-Абад шаарына Кытай Эл Республикасынын Анканг шаардык парткомунун секретары Ву Вэнган баштаган делегация курамы келди. Бул тууралуу облус башчынын маалымат катчысы кабарлады.

Кабарлоодо айтылгандай делегацияны Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов жана жергиликтүү бийлик жетекчилери тосуп алышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тарап аймактардын артыкчылыктуу потенциалына токтолуп, кызматташуу мамилелерин тереңдетүү, соода-экономикалык, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Жыйындын соңунда Жалал-Абад шаары менен Кытайдын Анканг шаарынын ортосунда өз ара кызматташуу боюнча келишимге кол коюлду. Делегация курамына бүгүн Жалал-Абад шаарында жайгашкан бир катар өндүрүштүк мекемелердин ишмердүүлүгү тааныштырылат.

Эскерте кетсек, ушул жылдын февраль айында облус башчысы Абсаттар Сыргабаев баштаган курам Кытайдын Анканг шаарында болуп кайткан. Аталган шаарында 3 млн калк жашап, калаада завод-фабрикаларды иштетүү, нанотехнология тармагы, чай өстүрүү жана экскпортко чыгаруу багыты өнүккөн.