Жалал-Абадда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын облустук спартакиадасы өттү  

Жалал-Абадда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын облустук спартакиадасы өттү   
Сүрөттөр Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн жана шаардык мэриянын ФБ баракчасынан алынды

Бүгүн, Жалал-Абад шаарынын “Курманбек” стадионунда ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар арасында облустук 13-спартакиада өттү.

Бул иш чара спорттун 8 түрү боюнча уюштурулуп, ага жалпы 200гө жакын адам катышты.

 

Спартакиадага  Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев катышты.

Облус башчысы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга өзгөчө камкордук көрүү – мамлекеттин социалдык саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири экенине токтолду.

Ошондой эле жарандардын жашоосун жакшыртуу жана укуктарын коргоого байланыштуу маселелер ар дайым аткаруу бийлигинин көңүл борборунда экенин айтып, иш-чара майыптыгы бар жарандарды коомго интеграциялоо, ден соолугун чыңдоо жана сергек жашоого үгүттөө болуп саналаарын кошумчалады.

Быйыл спорттук саамалыкка ыйгарым укуктуу өкүлдүн резеврдик фондунан 150 миң сом акча каражаты бөлүнгөн.

Ал эми бүгүнкү мелдеште жеңүүчүлөргө диплом, медаль жана акчалай сыйлыктар тапшырылат.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусу боюнча бүгүнкү күндө Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция, Социалдык фонд башкармалыктарында каттоодо турган 52 миң 766 майыптыгы бар жарандар бар. Алар тиешелүү денгээлде кепилденген социалдык жардамдарды алып келишээри тууралуу облустук администрациянын социалдык тармактагы баракчасында маалымдалды.