“Ношкен айылынын Адыр көчөсүнүн тургундарынын намазкана курууга жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө” 

Бүргөндү айылдык кеңешинин

XXVIII – чакырылышынын кезексиз XXVI – сессиясынын

 

  Жаңы-Арык айылы                        № 17 Т О К Т О М У                        7-февраль  2024-жыл 

“Ношкен айылынын Адыр көчөсүнүн тургундарынын намазкана курууга жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө” 

Ношкен айылынын Адыр көчөсү жаңы конуш болгондуктан тургундар жамаат менен намаз окуу үчүн 4 чакырым жерди басып өтүүгө туура келет, ошол себептен ашар жолу менен намазкана салууга жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап  Бүргөндү айылдык кеңешинин XVIII чакырылышынын  кезексиз  XXVI –  сессиясы 

Т О К Т О М    К Ы Л А Т: 

  1. Ношкен айылынын Адыр көчөсүнүн тургундарынын кайрылуусу эске алынсын. 
  1. Ношкен айылынын Адыр көчөсүнүн тургундарынын убактысын үнөөмдө жана шарт түзүп берүү үчүн ашар жолу менен намазкана куруу үчүн жер аянтын тактап ажыратылып берилсин. 
  1. Аталган намазкана үчүн  жер аянтын тактап АПШ жана мамлекеттик актыларын алуу үчүн мыйзам чегинде чектерин ажыратып берүү жана тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөт башчысы Ш. Алыкуловго милдеттендирилсин. 
  1. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын. 
  1. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин Финансы, бюджет экономика, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө. Калмуратовко милдеттендирилсин. 

Бүргөндү айылдык

кеңешинин төрагасы:                                        А. Кубатбеков