“Бүргөндү айыл өкмөтүнүн №24 китепканасынын башчысы З. Каратаеванын кайрылуусун кароо жөнүндө” 

Бүргөндү айылдык кеңешинин

XXVIII чакырылышынын  кезексиз XXVI сессиясы

 

  Жаңы-Арык айылы                        16 ТОКТОМУ                     7 -февраль  2024-жыл 

“Бүргөндү айыл өкмөтүнүн №24 китепканасынын башчысы З. Каратаеванын кайрылуусун кароо жөнүндө” 

Бүргөндү айыл өкмөтүнүн аймагындагы №24 китепканасы жаңы имаратка көчкөнүнө байланыштуу бөлмөлөрүн ремонт иштерин жана керектелүүчү буюмдарды алууга жергиликтүү бюджеттен керектелген акча каражатын карап берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын  кезексиз  XXVI сессиясы 

Т О К Т О М    К Ы Л А Т: 

  1. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн аймагындагы № 24 китепкананын кайрылуусун эске алынсын. 
  1. Жаңы-Арык айылындагы №24 китепканасы жаңы имаратка көчкөнүнө байланыштуу бөлмөлөрдө талапка ылайык ремонтто жана керектелүүчү буюмдар алууга керектелген акча каражаты жергиликтүү бюжеттин эсебинен ажыратылып берилсин. 

3.Жогоруда ажыратылып берилген акча каражатын мыйзамдуу ажыратып берүү жана каралган акча каражатын натыйжалуу пайдалануу жагын камсыздоо айыл өкмөтүнүн башчысы Ш.Алыкуловго милдеттендирилсин. 

  1. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын. 
  1. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Финансы, бюджет экономика, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө. Калмуратовго тапшырылсын.

 Бүргөндү айылдык

кеңешинин төрагасы                                                А. Кубатбеков