Жалал-Абадда 7-апрель - Элдик революциясында курман болгондор эскерилди

Калаанын эркиндик аянтында өткөрүлгөн иш чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрага Орозбек Турдубеков, Апрель окуясынын катышуучулары жана мекеме-ишканалардын кызматкерлери катышты. Иш чарананын жүрүшүндө курман болгондордун жаркын элесине куран окулду.
Иш чарада сөз сүйлөгөн облус башчысы 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик революция жалпы журтту бириктирип, Кыргызстандын жаркын келечеги үчүн күрөшкө чыккан маанилүү окуялардын бири экенин белгиледи.
Эске салсак, 2010-жылы, 7-апрелде 87 киши окко учкан. 100дөн ашуун адам жаракат алган. Кыргызстанда бул күн “7-апрель - Элдик апрель революциясы” деп аталып, жыл сайын эскерүү иш-чарасы уюштурулуп келет.