Жалал-Абад: Эгемендүүлүк майрамына карата 34 жаңы объект колдонууга берилет

Жалал-Абад: Эгемендүүлүк майрамына карата 34 жаңы объект колдонууга берилет
Быйыл Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 34 жылдык майрамы Жалал-Абад шаарында белгиленип, ага карата облус аймагында 34 жаңы социалдык, өндүрүштүк жана кайра иштетүүчү ишканаларды пайдаланууга берүү планы коюлган.
Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаевдин тапшырмасына ылайык, аталган объектилердеги курулуш жумуштарынын жүрүшү көзөмлгө алынууда.
Алардын катарында
Жалал-Абад шаарындагы 100 орундуу перинаталдык борбор,
№1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңы имараты,
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жана Жалал-Абад шаарынын мэриясынын административдик имараты,
“Бокс академиясы”,
№14 мектептин 700 орундуу кошумча имараты,
Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулуп жаткан “Асман Резиденс 2” жана “Асман Резиденс 3” турак жай комплексттери бар.
Азыркы учурда Жалал-Абад шаарындагы социалдык объектилердин курулушу 50 пайыздан жогору аткарылды.