Облус бийлиги  “Бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында” жеңишке жеткен спортчуларды куттуктады.

Облус бийлиги  “Бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында” жеңишке жеткен спортчуларды куттуктады.

Бүгүн Жалал-Абад облустук Барпы атындагы кыргыз драма театрынын алдындагы аянтта, Казакстан Республикасынын борбору Астана шаарында өткөн “Бешинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына” катышып, жеңишке жеткен спортчуларды куттуктоо иш чарасы өттү.

Анда облус башчысы Тилек Текебаев спортчулар талыкпаган аракети менен Жалал-Абад облусун гана эмес, республиканын намысын коргоп, мыкты натыйжа көрсөтө алгандыгын белгиледи.

-Бул көрсөткүч Жалал-Абад облусунда улуттук спорт түрлөрү жакшы өнүгүп келе жатканын белгиси десек болот. Жаш спортчуларды тандап, таптап, аларды өстүрүүдө кесипкөй, мыкты машыктыруучулардын орду чоң. Бул жаатта сиздердин машыктыруучуларга да ыраазычылык билдирем”.–деди Тилек Текебаев.

Аны менен катар Жалал-Абад шаарынн мэри Эрнисбек Ормоков да спортчуларды ийгилиги менен куттуктап, алдыда жергиликтүү бюджеттин эсебинен спортчуларга жана алардын машыктыруучуларына акчалай сыйлыктар бериле тургандыгын баса белгиледи.

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Жалал-Абад шаарынан 4 спортчу катышып, алардын ичинен Ирлан Казыбек уулу Алыш күрөшү боюнча 80 кг салмакта алтын медаль тагынса, Динара Камчыбекова Алыш күрөшү боюнча 70 кг салмакта 3-орунду камсыздаган. Ал эми Күмүшай Орозкул кызы аркан тартыш боюнча командалык эсепте 3-орунду багындырып, коло медалга ээ болсо, Феруза Курсантбек кызы Алыш күрөшү боюнча 5-орунду камсыздаган.

Саамалыктын жүрүшүндө Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиев тарабынан Ирлан Казыбек уулуна аргымак белекке берилсе, ал эми анын машыктыруучусу Чыңгыз Акановго өзү машыктырган спортчуларыкыл куйрук миңгизишти.