Жыл ичинде ийгилик жараткан спортчулар менен машыктыруучулар сыйланды
Бул тууралуу облус башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, 2024-жыл ичинде Олимпиада оюндары, Дүйнөлүк чемпионат, Азия, Көчмөндөр оюндары, “Азия балдары” оюндары, Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар арасында өткөн Азия чемпионатында I-II-III орундарды ээлеген спортчулар жана машыктыруучулар менен жолугушту.
Облус башчы спортчуларды жаңы жыл майрамы менен куттуктап, тармактын жыл ичиндеги жетишкендиктерине токтолду.
-“Сиздердин мээнетиңиздер, эркиңиздер жана тынымсыз аракеттериңиздер спорттогу жаңы бийиктиктерди багындырууга жол ачууда. Ар бир ийгилигиңиздер талыкпаган эмгек менен машыгуунун, сабырдуулуктун жана жигердүүлүктүн жемиши экенин жакшы билебиз. Ага карата мамлекет тарабынан спорт тармагын өнүктүрүүгө жакшы көңүл бурулууда. Баарыңыздарга ден соолук, бекем эрк жана алдыдагы жеңиштерди каалайм!”–деди облус башчысы.
Өтүп бара жаткан 2024-жылы Жалал-Абад облусундагы спортчулардын жетишкендиктери өткөн жылга салыштырмалуу 30 пайызга жогорулаган. Жалпы 57 спортчу Олимпиада оюндары, Дүйнөлүк, Азиялык чемпионаты, Көчмөндөр, “Азия балдары” оюндары, Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар арасындагы Азия биринчилигине катышышкан. Мында облус аймагындагы жалпы 104 спортчу жана машыктуруучуга акчалай сыйлык тапшырылды. Каражаттын жалпы суммасы 1 млн 40 миң сомду түзөт – деп айтылат маалыматта.