Сузактын өрткө каршы кызматы жаңы имараттуу болду

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын Сузак райондук № 65 өрткө каршы бөлүмү жаңы имаратка ээ болду. Бөлүктүн имаратын куруу Корея Республикасынын “КОЙКА” агентствосунун “Калктын өрт коопсуздугун жогорулатуу жана өрткө каршы куткаруу кызматтарынын мүмкүнчүлүгүн бекемдөө” долбооруна сунуш кылынып, бөлүктү куруунун долбоордук иш-кагаздары иштелип чыгып, сметалык баасы 470 000 долларды түзгөн. Куруу боюнча тендерди “Иверия” ЖЧКсы утуп, курулуш иштерин баштоо 2019-жылдын декабрь айына пландалган болсо, Ковид-19 жугуштуу илдетине байланыштуу курулуш иштери 2021-жылдын апрель айында башталган. Бөлүктүн 2 кабаттуу имараты, кошумча курулуш обьектилери толугу менен 2023-жылдын июнь айында бүткөрүлүп, өткөрүлүп берилген.
Аталган өрткө каршы-куткаруу бөлүгү өлкө аймагындагы ири райондордун бири саналып Сузак районунун жалпы калкынын саны 175 139 болгон 5 айыл аймагын тейлеп келет. Бөлүк тейлеген аймактар райондун борбору болгондуктан аймакта социалдык, өндүрүш, административдик, башка чарбалык обьектилер көп жайгашкан.
Жаңы жайдын тасмасын кесүү жана бөлүмгө жаңы жабдыктарды, өрт өчүрүүчү техникаларды, шаймандарды тапшыруу аземине КРнын Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев, КРнын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Корея Республикасынын элчиси Ли Жон, ПРООНдун өкүлү Александара Соловьева, райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы, жергиликтүү бийликтин жана коомчулуктун катышуусунда өттү.
Жаңы имарат заманбап курулуп, ичинде иш бөлмөлөрү, жыйындар залы, эс алуучу бөлмө, машыгуу залы, жуунучу бөлмөсү жана ашканасы бар. Ар бир бөлмө тиешелүү жабдыктар менен жабдылган.
КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын Сузак райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №65 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн имараты боюнча маалымат
КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын Сузак райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №65 Өрткө каршы бөлүмүнүн имараты 1954-жылы курулган. Имарат узак мөөнөттүк пайдалануудан курулуш материалдарынын эскилиги жетип, физикалык жактан чарчаган. Жыл сайын жаан-чачындардын жана жер алдындагы суулардын тийгизген таасиринен имараттын пакса дубалдарынын астынкы тараптары ным тартып, укаланып көчө баштаган. Ошондой эле, имаратка уланып ажааткана курулгандыктан анын таасиринен имараттын дубалдары ным тартып пайдубалы чөгүп, күн чыгыш тарабындагы каптал дубалынан ар тараптуу өтмө жаракалар пайда болгон.
2018-жылда март айында жааган жамгырдын кесепетинен имаратка кооптуу абал жаралган. 2018-жылдын 24-мартында КР ӨКМнин мониторинг департаментинин адиси тарабынан имараттын техникалык абалына изилдөө жүргүзүп,жыйынтыгында №64 сандуу корутундусу менен Сузак райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн №65 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнүн имараты пайдаланууга кооптуу жана жер титирөөлөргө туруштук бере албай бузулуп калуусу мүмкүн экендиги аныкталган.
Башкармалыктын кайрылуусунун негизинде 2018-жылдын март айында Сузак райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан жаңы имарат курууга 0,20 га жер тилкеси бөлүнүп, жер аянтынын чиймеси чийилип, кызыл китеби алынган.