Кербен шаарында бийиктиги 16 метр болгон жаңы жылдык балаты жандырылды
Мындай маалыматты шаар мэри Эрнист Зияйдинов ырастады. Анын айтымында, балаты кечээ 16-декабрда шаардын борбордук бөлүгүндө жандырылып, ал концерттик программа менен коштолгон. Калаа башчысы жаңы жылдык жасалгалоого кеткен каражат үнөмдөлгөнүн айтып, бирок канча каражат сарталганын билдирген жок.
«Жаңы жылдык балатынын каркастарын мындан бир канча жыл мурда жасатып койгонбуз, ошол эле 16 метр бийиктиктеги балаты орнотулду»,-деп кыска гана жооп берди мэр Зияйдинов.
Бирок, мамлекеттик сатып алуулар парталындагы маалыматка таянсак, Кербен шаардык мэриясы жаңы жылдык балаты 2025 майрамын өткөрүү үчүн өз казынамынан 350 миң 50 сомго тендер жарыялаганын көрүүгө болот. Сметада ал каражатка балатыны жасалгалоо, концерттик программаны уюштурууга жана аярлуу катмардагы жарандардын балдарына 150 даана белек даярдоо көрсөтүлгөн.