Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев жарандарды жеке маселелери боюнча кабыл алды.
Кабыл алууга келген жарандар социалдык колдоо, саламаттыкты сактоо, жер тилкелери, турак жай, жумуш менен камсыз кылуу, коммуналдык кызматтарга байланышкан маселелерди көтөрүштү. Ар бир жаран тарабынан айтылган маселелер угулуп, тиешелүү мыйзамдардын алкагында түшүндүрмөлөр берилди.
Кошумча иликтөөнү талап кылган кайрылуулар боюнча тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу органдарынын жетекчилерине тапшырмалар жүктөлүп, көзөмөлгө алынаары кошумчаланды.
Облус башчысы жарандардын кайрылууларын өз убагында жана сапаттуу кароо мамлекеттик органдардын негизги милдети экенин белгилеп, жарандардын укуктарын коргоо жана социалдык маселелерди чечүү багытындагы иштер улантыларын билдирди.