Тогуз-Тородо 1-июнь Балдарды коргоо күнүн утурлай миңдей балага балмаздак таратылып, театралдаштырылган көрүнүш, оюш-зоок уюштурулду

Тогуз-Тородо 1-июнь Балдарды коргоо күнүн утурлай миңдей балага балмаздак таратылып, театралдаштырылган көрүнүш, оюш-зоок уюштурулду

Мындай маалыматты район акими Манас Мураталиев билдирди. Анын айтымында ар бир бала бактылуу балалыкта ,мээримге бөлөнүп чоңоюуга тийиш.

«Майрамды утурлай райондогу Ж.Кыдыров атындагы эс алуу паркында жаш жеткинчектер үчүн майрамдык кече уюштурлуду. Ага атайын Бишкек шаарынан келген "Дисней Шоу" балдарга арналган оюн-зоок программасын тартуулап, балдар үчүн ыр-бий жана сүрөт тартуу сынактары уюштурулуп, аларга белектер тапшырылды. Мындан сырткары жеткинчектерге балмуздактар таратылды»,-дейт аким.