БШК: 17 – ноябрь жергиликтүү кеңештерди шайлоо. Аралыктан добуш берүүгө арыз тапшырууга үлгүрүңүз!
Жалал-Абад шаарында арыздарды кабыл алуу үчүн 3 пункт иштеп жатат.Аралыктан добуш берүүнү каалагандар 2-ноябрга чейин кайрыла алышат:
- Б.Осмонов атындагы мамлекеттик университети (Т.Байзаков көч., 25);
- К.Токтомаматов атындагы Эл аралык университети (Спутник к/ш, Тарсус көч., 1а);
- Калкты тейлөө борбору ЦОН (БарпыАлыкулов көч., 1).
Ошондой эле «ЭЛЕКТРОНДУК АРЫЗДЫ» «tizme.gov.kg» сайтындагы «Шайлоочунун кабинети» аркылуу берүүгө болот.
Баардык суроолор боюнча телефон – 1255.
ЫҢГАЙЛУУ ЖЕРДЕ ДОБУШ БЕРИҢИЗ!