“Бүргөндү айыл аймагындагы эски мамычаларды алматыруу жана жаңы конуштарга электр мамычаларды орнотуу жөнүндө”
Бүргөндү айылдык кеңешинин
XXVIII – чакырылышынын кезексиз XXVI – сессиясынын
Жаңы-Арык айылы № 8 Т О К Т О М У 7-февраль 2024-жыл
“Бүргөндү айыл аймагындагы эски мамычаларды алматыруу жана жаңы конуштарга электр мамычаларды орнотуу жөнүндө”
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн аймагындагы Жанай-Сай 2 көчөсүнө, Кичи-Бүргөндү айылына, Ак-Бата көчөсүнө, Ношкен айылынын К. Абдырахманов көчөсүнүн тургундарынын электр мамычаларынын эски жана начар абалда болгондугуна байланыштуу жаңы талапка жооп берүүчү электр мамычаларына алмаштырып берүү жөнүндөгү кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII – чакырылышынын кезексиз XXVI – сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Бүргөндү айыл аймагындагы жергиликтүү тургундардын талапка жооп берген электр мамычаларга алмаштыруу жана жаңы конуштарга орнотуп берүү жөнүндөгү жазган кайрылуулары эске алынсын.
- Бүргөндү айыл өкмөтүнүн жергиликтү бюджетинин жыл башында айыл аймагындагы жаңы конуштарга жана эски мамычаларды алмаштырууга каралган акча каражатынан алмаштырып берүү жагы каралсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана тиешелүү иш аракеттерди көрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Алыкуловго милдеттендирилсин.
- Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
- Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин Финансы, бюджет экономика, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө. Калмуратовко милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык
кеңешинин төрагасы А. Кубатбеков