“Бүргөндү айыл өкмөтүнүн аймагындагы ички жолдорго шагыл төшөө жөнүндө” 

Бүргөндү айылдык кеңешинин

XXVIII – чакырылышынын кезексиз XXVI – сессиясынын 

Жаңы-Арык айылы                        7 Т О К Т О М У                       7-февраль  2024-жыл 

Бүргөндү айыл өкмөтүнүн аймагындагы ички жолдорго шагыл төшөө жөнүндө” 

Бүргөндү айыл өкмөтүнүн аймагындагы Жанай-Сай 2 көчөсүнүн, Кичи-Бүргөндү айылынын, Борсолдой айылынын, Ношкен айылынын Курулуш көчөсүнүн тургундарынын айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан коюлган талапка ылайык башкача айтканда көчөлөрдү архитектуралык нормаларда көрсөтүлгөн талаптарга ылайык кеңейтип, жолдорду сүрдүрүп, куурларды коюп жергиликтүү калктын эсебинен тиешелүү жумуштар аткарылып шагыл төгүп берүү жөнүндөгү айыл тургундарынын кайрылууларын  жана ага тиркелген жеринде жасалган жумуштардын сурөттөрү менен таанышып чыгып Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII – чакырылышынын кезексиз  XXVI – сессиясы 

Т О К Т О М    К Ы Л А Т: 

  1. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн аймагындагы жергиликтүү тургундардын ички көчөлөргө шагыл төгүп берүү жөнүндөгү жазган кайрылуулары эске алынсын. 
  1. Бүргөндү айыл аймагындагы Жанай-Сай көчөсүнүн ички жолуна, Кичи-Бүргөндү айылынын ички жааңы конуштардан 1 500 (бир миң беш жүз метр) аралыктагы даярдалган ички жолуна, Ношкен айылынын Курулуш көчөсүнүн 500 (беш жүз метр) аралыктагы ички жолуна, Борсолдой айылынын ички жолдоруна ички көчөлөрдү ирээттөөдө коюлган талаптардын аткарылгандыгын текшерүү менен жыл башында каралган акча каражатынан шагыл төгүү жагы каралсын. 
  1. Коюлган талапка ылайык даярдалган көчөлөрдү жергиликтүү депутаттардын катышуусунда тактоо жана ички жолдоруна шагыл төгүү боюнча тиешелүү иш аракеттерди көрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Алыкуловго милдеттендирилсин.

 Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын. 

  1. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин Финансы, бюджет экономика, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө. Калмуратовко милдеттендирилсин. 

Бүргөндү айылдык

кеңешинин төрагасы:                                              А. Кубатбеков