Жеке ишкер А. Сагындыковдун кайрылуусун кароо жөнүндө
Бүргөндү айылдык кеңешинин
XXVIII чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы
Жаңы-Арык айылы № 5 ТОКТОМУ 5-март 2024-жыл
Жеке ишкер А. Сагындыковдун кайрылуусун кароо жөнүндө
Жеке ишкер А. Сагындыковдун чакан ишкердикти өнүктүрүү максатында айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчик жерине тоок ферма куруу жана айыл тургундарыны жумуш менен камсыз кылуу боюнча кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXVII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Жеке ишкер А.Сагындыковдун кайрылуусу эске алынсын.
- Айыл өкмөттүн аймагында чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү максатында Келечек участкасында № 574 контурунда жайгашкан 0,50 га муниципалдык менчик жери тоок ферма куруу үчүн ажыратылып берилсин.
- Жогоруда ажыратылып берилген жер аянтын мыйзамдуу ажыратып берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Алыкуловго милдеттендирилсин.
- Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
- Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңештин Эл чарбасы, айыл чарбасы, өнөр жай транспорт жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Абдиевке милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык
кеңешинин төрагасы: А. Кубатбеков