“Бүргөндү айыл өкмөүтүнүн башчысы Ш. Алыкуловдун сунушун кароо жөнүндө”
Бүргөндү айылдык кеңешинин
XXVIII – чакырылышынын кезексиз XXVII– сессиясынын
Жаңы-Арык айылы № 4 Т О К Т О М У 5-март 2024-жыл
“Бүргөндү айыл өкмөүтүнүн башчысы Ш. Алыкуловдун сунушун кароо жөнүндө”
Бүргөндү айыл аймагында айыл тургундарынын кайрылуусунун негизинде суралган жерлерди “КыргызМамжердолбоорло” корутундусунда жайыт эмес айдоо жерлер жана башка жер деп көрсөтүлгөн жерлерди кайрылуучуларга ижарага берүү боюнча сунушун угуп жана талкуулап Бүргөндү айылдык кеңешинин XXVIII – чакырылышынын кезексиз XXVII – сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
- Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Алыкуловдун сунушу эске алынсын.
- Бүргөндү айыл аймагында “КыргызМамжердолбоорло” ишканасынын корутундусунда жайыт эмес айдоо, жана башка жер деп көрсөтүлгөн жерлерди айыл аймагынын тургундарынын кайрылуусунун негизинде ижарага берилсин.
- Жогоруда көрсөтүлгөн жер аянттарын мыйзам чегинде айыл тургундарына ижарага берүүнү көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Алыкуловго милдеттендирилсин.
- Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
- Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айылдык кеңештин Эл чарбасы, айыл чарбасы, өнөр жай транспорт жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Абдиевке милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык
кеңешинин төрагасы: А. Кубатбеков