ДОСТУГУБУЗ ЧЫҢДАЛЫП-БИР ТУУГАНДЫГЫБЫЗ АРТА БЕРСИН

ДОСТУГУБУЗ ЧЫҢДАЛЫП-БИР ТУУГАНДЫГЫБЫЗ АРТА БЕРСИН

Кесиптешибиз, журналист,жазуучу, Аксыдан чыккан таланттуу инсан Абдымомун Калбаевдин чыгармалары Өзбекстандагы "Дуйнөлүк адабият" журналынын жана "Ишенич" газетасынына жарыяланды. Аталган жагымдуу окуя тууралуу А.Калбаев төмөнкүдөй сүйүнүчү менен бөлүштү:     

Кубанычтуу кабар болсо - коюнга батыруу кыйын, адамга дем -күч жаратат. Өткөн жылдын декабрь айында жаңы жылдын босогосунда Ташкент шаарынан мага кубанычтуу кабар келген эле. Өзбекстанда жарык көрүп келе жаткан абройлуу " (  "jahon adabiati") "Дүйнөлүк адабият" журналына "Адабий дустлик-тараккиет йулини  еритувчи куч" "Адабий достук-бир туугандыкты чыңдоочу күч" деген аталыштагы публицистикалык  көлөмдүү макалаңыз жарык көрдү" деген кубанычтуу кабар келген эле. Ошого эле катар декабрь айында  мына ушундай эле мазмундагы публицисткалык макалам, Өзбекстандагы эң көп массалык нуска менен чыгып келе жаткан "Ишенич" ("lshonch") газетасына бир бет болуп жарыяланып, Өзбек окурмандарынын жылуу арзуусуна татыгандыгын билдиришкен эле. Бүгүн Айт майрамы күнү аталган журнал менен газета колума тийип,  кош кубаныч жаратып олтурат. Эки элдин адабий -маданий байланыштары кылым түпкүрүнө кетип, жакага түшсө көк чай ичишип, жайлоого чыкса кымыз ичишип, эки эл кыз беришип- кыз алышып, чыккан күнү, аккан суусу, дем алган абасы, кой жайган жайыты, кылган базары, койгон мазары бир болуп келгендигин мына ушул макалада баяндап, ынтымагыбызды чыңдоого чырпыктай болсо да салым кошсом деген тиризде жазылган эле. Учурдан пайдаланып айта кетүүчү нерсе аталган "Дүйнөлүк адабият" журналынын  номер 2-санында "Айылдаштарым", "Азап", "Эненин өкүнүчү" деген аңгемелерим, журналдын башкы редактору Ахмеджан Мелибаевдин котормосунда жарыяланып, Өзбек окурмандары жылуу кабыл алып, мага жакшы пикирлерин билдиргендер болгон эле.

Аталган журналдын декабрдагы санында залкар жазуучу, философ, дүйнөлүк коомдук ишмер, Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматов атабыздын өмүр жолуна саресеп салган, Өзбекстандагы көрүнүктүү, залкар жазуучу, публицист, коомдук ишмер, Чыңгыз Айтматовду изилдөөчү, "Дүйнөлүк адабият" журналынын башкы редактору Ахмеджан Мелибаев агабыздын "Ала-Тоонун улуу чокусу" деген публицистикалык илимий изилдөөсү жарыялаганы менен да өтө кубанычтуу жана маанилүү болуп олтурат. Өзбекстанда залкар жазуучу атабыздын 95 жылдыгы кеңири майрамдалып, белгиленип, бир нече дүйнөлүк жана эл аралык форумдар өткөндүгү белгилүү.  Ал эми Ахмеджан Мелибаев Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылык музейин уюштуруп, Тешкенттеги борбордук көчөгө, орто мектепке ысмынын берилишинде да баа жеткис салымы бар экендигин белгилеп кеткеним ашыкчалык кылбайт.

"Дүйнөлүк адабият " журналы Кыргыздын залкар жазуучулары Түгөлбай Сыдыкбеков, Чыңгыз Айтматов, Темиркул Уметалиев, Төлөгөн Касымбеков, Сүйүнбай Эралиев, Султан Раев, Акбар Рыскулов сыяктуу акын жазуучулардын чыгармаларын басып чыккан, аны менен эле чектелип калбай китептери да чыгарылып Өзбек окурмандарына тартуулап келишет. Сөзүмдүн акырында "Дуйнөлүк адабият" журналынын жана "Ишенич" газетасынын чыгармачылык жамаатына чоң рахмат айтуу менен ыраазычылык билдирип кетмекчимин. Өзбекстандан чыгып жаткан адабий басылмалар азыртадан эле Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына карата даярдык көрүп жаткандыгын да канааттануу менен белгилеп кетмекчимин. Мындан ары  да достук байланышыбыз чыңдалып, бир туугандыгыбыз арта берсин.