Жалал-Абадда адамды жүзүнөн таануучу камералардын жардамы менен издөөдө жүргөн 31 киши кармалды

Жалал-Абадда адамды жүзүнөн таануучу камералардын жардамы менен издөөдө жүргөн 31 киши кармалды

Жалал-Абад облусунда адамды жүзүнөн таануучу камералардын жардамы
менен издөөдө жүргөн 31 жаран кармалды.
Бул тууралуу Жалал- Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматтык технологиялар бөлүмүнүн башчысы Нурбек Алимбаев билдирди.
Анын айтымында, видеокамералардын
жардамы менен жалпы 196 кылмыштын бети ачылды.
«Жалал-Абад облусунун аймагында "Коопсуз өлкө" долбоору ишке ашырылгандан баштап жалпы 480 коопсуз камералары орнотулуп, орнотулган камералардын жардамында 196 кылмыштын бети ачылып, анын ичинен издөөдө жүргөн 31 жаран жүзүн таануучу камералардын жардамы менен кармалды», - деди Алимбаев.
7 кызматкер эмгектенген кырдаалдык борбор былтыр жыл башында ишке кирген.
Былтыркы жылы камералардын жардамы менен издөөдө жүргөн 24 киши кармалган.