Жалал-Абадда бир апта ичинде 47 мас айдоочу аныкталды

Жалал-Абадда бир апта ичинде 47 мас айдоочу аныкталды

Мындай маалыматты Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти. Маалым болгондой, 18-илдан 25-июлга чейинки аралыкта дубанда жол эрежесин бузган 2137 айдоочу аныкталып, аларга админстративдик протоколдор толтурулду.

«Алардын ичинен ылдамдыкты ашыра айдаган 853 айдоочу, 91 айдоочу унаасын карама-каршы тилкеде айдаган. 11 айдоочу унаасынын алдыңкы терезелерин уруксаты жок караңгылатып алса, 31 айдоочу унааны эч кандай документтери жок башкарган. Соңунда 109 айдоочу атайын айып короо жайына токтотулду»,-деп айтылат маалыматта.