Жалал-Абадда ВИЧ илдетинен 1611 киши жабыркап келет

Жалал-Абадда ВИЧ илдетинен 1611 киши жабыркап келет

 Мындай маалыматты Жалал-Абад облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусунун көзөмөлдөө борборунун директору Элмира Сатарова ырастады. Анын айтымында акыркы жылдары илдеттин көп катталып жатышына сырткы миграция таасирин тийгизүүдө.

«Жалал-Абад областында эпидемия башталгандан бери ВИЧ илдетине чалдыккандардын саны-1611 кишиге жетти. ВИЧке чалдыгуу учурлары областтын бардык район шаарларында катталган. Айрыкча Жалал-Абад, Таш-Көмур шаарларында, Сузак, Базар-Коргон, Ноокен, Ала-Бука, Аксы райондорунда көбүрөөк тараганы байкалууда. ВИЧке чалдыккандардын 54,8% эркектер, 45,2% аялдар түзөт жана 59,9 % учурлары 20-39 жаш курактагы адамдардан аныкталган.

Акыркы жылдарда ВИЧти жыныстык жол менен жугузуу учурлары көбөйгөндүгү байкалууда.Мунун себеби, калк арасында дагы да болсо кооптуу журум –турумдун практикаланышы, айрыкча ички жана тышкы миграциянын тийгизген таасири абдан чон болуп жатат. Жалал-Абад областык СПИДке каршы күрөшүү борборунда катталган ВИЧке чалдыккан жарандар көбүн эсе Россияда эмгектенип эмгек миграциясында жүргөн учурда жуктуруп алышкан.Уй-бүлөөдөн алыс болуп, жашоо шарты өзгөрүлүп,кооптуу журум турумдун колдонулушу ВИЧти жуктуруп алууга шарт түзгөн»,-деди Э. Сатарова.

ВИЧ оорусу адамдын сырт келбетинен эч билинбейт.Ооруну жуктуруп алганын аныктоо бир гана кандын анализи аркылуу билинет. Илдетти жуктуруп алуунун 3 гана жолу бар:
1.Кан аркылуу-жугуштуу оорулары бар кан азыктарын куйган учурда ,таза эмес шприц жана ийнелерди колдонууда,
-Бангизаттарды даярдап, колдонуу учун таза эмес шприц, ийне, аспаптарды, кашык фильтр ж.б.чогуу колдонууда;
-Кулакты, дененин башка жерлерин тештирүүдө (пирсинг), же денеге сурөт тарттырууда(татиуровка) таза эмес аспаптарды чогуу колдонууда,
-башка адамдар колдонгон сакал алуучу устараларды, тиш щеткаларды пайдаланууда;
2.Корголбогон (презервативсиз)жыныстык байланышта-сперма, жатын суюктугу аркылуу;
3.АИВ(ВИЧ)ни жугузуп алган энеден балага кош бойлуу мезгилинде,төрөт учурунда жана эмчек эмизгенде.

Илдетти жуктуруп албоо үчүн эмне кылуу керек.

-Оору жуктуруп албаган жана ишеничтуу бир гана жыныстык шериктин болуусу;

-Жыныстык катнаштарда презервативди дайыма жана туура колдонуу;

-Стерилдуу бир жолу гана пайдалана турган ийнени жана шприцти колдонуу;

Кулакты,дененин башка жерлерин текшерүүдө (пирсинг), же денеге сурөт тарттырууда (татиуровка жасоо)таза аспаптарды колдонуу;

-Кан, кандын калдыгы калган материалдар менен иштөөдө латекстен жасалган кол капты колдонуу;

-Өздүк, же жаны тазалык буюмдарды (сакал алуучу устара,тиш щетка) колдонуу;

ВИЧтин энеден балага жугуунун алдын алуу-кош бойлуу мезгилде сөзсуз ВИЧке текшерүүдөн өттү, эгерде ВИЧ аныкталса, дарыгерлердин көзөмөлүнө туруу.