Ноокенде жарандардын саламаттыгын кореядан келген дарыгерлер акысыз текшерүүдөн өткөрүштү

Мындай маалыматты Ноокен районунун жалпы дарыгердик практика борборунун башкы дарыгери Айчүрөк Досумбетова маалымдады. Анын айтымында районго чет өлкөлүк ак халатчандар алгачкы жолу келип, иштеп жатышат. Алар 3 күн бою иштешкен.
«24-25-26-июль күндөрү "Корея Республикасынын Ачык Дарыгерлер Коому" тарабынан дарыгерлер келишип, жарандарды медициналык кароодон өткөрүү менен биргеликте жардам көрсөтүлдү. Алар үчүн бейтапкананын тез медициналык шашылыш жардам бөлүмүндө шарт жаратып бердик. Келген бейтаптарды ошол жерден кабыл алып, медициналык жардам көсөтүштү. 3 күндө жалпы миңге жакын киши кайрылып, акысыз көмөк алды»,-деди А. Досумбетова.
Кореядан келген дарыгерлердин курамында төмөнкүлөр камтылды.
-Жалпы практика
-Педиатр
-Хирург
-Лор
-Анестезиолог
-Стоматолог
-Фармацевт
-Медайым
-Клиникалык патолог