ЖАЛАЛ-АБАДДА ЭЛ АРАЛЫК ФОРУМ ӨТҮП ЖАТАТ

ЖАЛАЛ-АБАДДА ЭЛ АРАЛЫК ФОРУМ ӨТҮП ЖАТАТ
ЖАЛАЛ-АБАДДА ЭЛ АРАЛЫК ФОРУМ ӨТҮП ЖАТАТ
ЖАЛАЛ-АБАДДА ЭЛ АРАЛЫК ФОРУМ ӨТҮП ЖАТАТ
ЖАЛАЛ-АБАДДА ЭЛ АРАЛЫК ФОРУМ ӨТҮП ЖАТАТ
ЖАЛАЛ-АБАДДА ЭЛ АРАЛЫК ФОРУМ ӨТҮП ЖАТАТ
ЖАЛАЛ-АБАДДА ЭЛ АРАЛЫК ФОРУМ ӨТҮП ЖАТАТ
ЖАЛАЛ-АБАДДА ЭЛ АРАЛЫК ФОРУМ ӨТҮП ЖАТАТ
ЖАЛАЛ-АБАДДА ЭЛ АРАЛЫК ФОРУМ ӨТҮП ЖАТАТ

ЖАЛАЛ-АБАДДА ЭЛ АРАЛЫК ФОРУМ ӨТҮП ЖАТАТ

Жалал-Абад шаарында “Энергетиканын кайра жаралуучу булактарын ишке киргизүү – Жалал-Абад областында туруктуу жашыл туризмди өнүктүрүү” аталышындагы эл аралык ишкердик форуму ишин баштады. Ага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, КР Президентинин Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев баш болгон аткаруу бийлигин өкүлдөрү, коңшулаш Өзбекстан Республикасынын, Россия Федерациясынын жана башка аймактардын ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү, өлкөбүздөгү энергетика жана туризм тармагында иштеп жаткан ишкерлер, коомчулуктун өкүлдөрү катышып жатышат.

Форумдун иши Жалал-Абад областындагы ишкер чөйрөлөр тарабынан чыгарылган товарларды, эл чарбасынын жетишкендиктерин, айыл чарба өндүрүшүнүн бүгүнкү абалын чагылдырган көргөзмө менен башталды. Учурда форумдун сессиялык иштери жүрүп жатат.

Жалал-Абад жергесинде мындай эл аралык форумдун өтүп жатышы бекеринен эмес. Анткени аймак гидроэнергетикалык жана жашыл туризм багытындагы зор потенциалга ээ. Мисалы, областтын аймагында 6 гидроэлектр станциялары бар. Алар: Токтогул ГЭСи, Күрпсай ГЭСи, Камбар-Ата ГЭС-2, Таш Кумыр ГЭСи, Шамалды-Сай ГЭСи жана Үч-Коргон ГЭСи. Областтын гидроэлектр станциялары жылына орточо 12-14 млрд. Киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыгышат, бул деген республикадагы иштелип чыгарылган электр энергиясынын 80 айышыга туура келет. Азыркы мезгилде, кубатуулугу 1860 мегватт болгон Камбар-Ата ГЭС-1дин курулушу жүрүп жатат жана Камбар-Ата ГЭС-2нин кубатуулугу 120 мегаватт болгон 2-гидроагрегатын ишке киргизүү боюнча да курулуш иштери жүрүүдө.

Келечекте электр энергиясын Паксистанга, Афганистанга жана Кытайга экспортоо пландаштырылууда.

Нарын дарыясы жана ага куйган дарыялардын салыштырмалуу кубатуулугу ири Волга жана Анкара дарыялардын кубатуулугунан жогору болуп, 56,9 млрд. киловатт-саат электр энергиясын өндүрүү мүмкүнчүлүгү бар. Нарын дарыясына 30,0 мдрд. киловатт-саат  электр энергиясын иштеп чыгуучу 22 электр станциясын курса болот. Электр станцияларын курууга жумшалган капиталдык салымдардын кайтарымдуулук мезгили 2 жылдан 8 жылды түзөт.

“Акыйкат”.