Тогуз-Торонун Кош-Булак айылындагы таза суу маселеси чечилди
Мындай маалыматты райондук мамлекеттик админстрациядан билдиришти. Маалым болгондой, буга чейин айылда ичүүчү таза суу таңкыс болуп, эл сууну ташып ичип келишкен.
"Өткөн жылы кайрымдуулук фондордун бирине кайрылып, каржылык колдоо алганбыз. Долбоордун сметалык наркы 3 млн 850миң сомду түзгөн, анын 1 млн 716миң сому жергиликтүү бюджеттен карыжыланган. Таза суу түтүктөүн жаткырууга жергиликтүү калк да көмөк көрсөтүп, учурда айыл эли таза суулуу болду",-деп айтылат маалыматта.
118 түтүн же 558 калк жашаган Кош-Булак айылында 1 орто мектеп, 1 бала бакча жана 1 ФАП бар. Аны менен бирге 1 айылдык китепкана элге кызмат көрсөтүп келет.




