“Майлуу-Суу лампа заводу” 1 млрд сомго модернизацияланат
Мындай маалыматты Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Кечээ жумушчу топ, курулуш ишинин жүрүшүн талкуулашты.
Жыйынга Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Майлуу-Суу шаарынын мэри Нурлан Эшматов, завод жетекчилиги жана директорлор кеңешинин мүчөлөрү катышты.
Мында “Майлуу-Суу лампа заводу” ачык акционердик коомунун отчету угулуп, республикалык бюджеттен бөлүнгөн 1 млрд сомдун сарпталышы тууралуу маалымат берилди. Каражатка заводду модернизациялоо, жаңы жабдыктарды сатып алуу сыяктуу бир катар иштер аткарылганы жана алдыдагы өндүрүштүк пландары айтылды.
Бакыт Төрөбаев, модернизациялоо жумушун сапаттуу аткаруу зарылдыгын белгилеп, ишкана жогорку сапат стандарттарын жана өндүрүштүн натыйжалуулугун камсыз кылуу менен ишке толук кандуу кирүүгө тийиш экенин айтты. Ага катар, заводдун жумушун жандантуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары, толук оңдоодон өткөрүлгөн завод 2025-жылдын жаз мезгилинде ачылаарын кошумчалады.
Белгилей кетсек, “Майлуу-Суу лампа заводу” ачык акционердик коомун модернизациялоо боюнча республикалык бюджеттен 1 млрд сом акча каражаты бөлүнгөн. Ага заводдун ишин жандантуу менен бүтүндөй республиканы светодиоддук лампалар, ошондой эле атамекендик өндүрүш ишканаларын сапаттуу айнек идиштери жана жергиликтүү тургундарды жумуш менен камсыздоо планы коюлган.
"Акыйкат"