ЭАУнун СТУДЕНТТЕРИ АЛЫШ КҮРӨШҮ БОЮНЧА ДҮЙНӨЛҮК БИРИНЧИЛИКТЕРДИН КҮМҮШ МЕДАЛДАРЫН ЖЕҢИШТИ
ЭАУнун СТУДЕНТТЕРИ АЛЫШ КҮРӨШҮ БОЮНЧА ДҮЙНӨЛҮК БИРИНЧИЛИКТЕРДИН КҮМҮШ МЕДАЛДАРЫН ЖЕҢИШТИ
Бул тууралуу Жалал-Абад шаарындагы эл аралык университеттин коомчулук менен байланыш бөлүмү кабарлады. Алардын айтымында Орусиянын Казань шаарында 12-16-ноябрда өткөн 2004-2006-жылдары туулган жаштар арасында алыш күрөшү боюнча дүйнө биринчилиги, ошондой эле 15-17 жаштагы улан-кыздар арасында алыш күрөшү боюнча дүйнө биринчилиги болуп өттү. Мелдешке дүйнөнүн 35 өлкөсүнөн 320 спортчу катышты.Ага К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад шаары) "Педагогика" багыты боюнча 4-курстун студенти Курбанбек кызы Феруза жаштар арасында 76 кг салмагында, ошондой эле Гуманитардык-экономикалык колледжинин "Башталгыч класстарда окутуу" адистиги боюнча 2-курсунун студенти Кожоярова Мадина кадеттер арасында 48 кг салмагында катышышып алар аталган мелдеште II орунду ээлеп, күмүш медалдары менен сыйланышты.
“Кыздарыбызды аталган спорттук ийгиликтери менен куттуктайбыз, жаңы жеңиштерди каалайбыз”- деп жазылган маалыматта.
“Акыйкат”