"Куттуу эл" улуттук форуму Жалал-Абадда
"Куттуу эл" улуттук форумунун алкагында "Жылдызы жанган Жалал-Абад" аталышында жыйын өттү.
Иш чара Кыргыз Республикасынын Президентинин "Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө", "Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы - "Манас" эпосунун үчилтигин ар тараптан изилдөө жана папулярдаштыруу боюнча кошумча чаралар жөнүндө", "Улуттук нарк жөнүндө" Жарлыктарын жана 2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында "Кыргыз жараны" деп, жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясын ишке ашыруунун алкагында ишке ашырылды.
Жалал-Абадда өткөн жыйынга Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов,Президенттин облустагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев, облустук,шаардык жетекчилер,окумуштуулар,студенттер катышты.
Аталган иш чарада окуялар тууралуу гезиттин кийинки санында толугураак маалымдайбыз.