Базар-Коргондо сел жүрүп, бир канча турак үйдүн короо жайын суу каптап, Арстапбап-Базар-Коргон унаа жолунун айрым тилкелерин бөгөп калган

Мындай маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын башчысынын орун басары Айбек Аккулов ырастады. Анын айтымында ушул тапта каттамдар калыбына келтирилди.
«Кечээ 2-майда саат 13:05 чамасында жааган жамгырдын кесепетинен кокту колоттордон түшкөн жамгыр суулары агып Арстанбап-Ата а/а Гумкана айылындагы 2 турак үйдүн там аркаларына кирген. Ал эми, Жарадар айылында жааган жамгырдан, Жарадар сайында сел жүргөн. 1 турак жайдын там аркасына сел суулары кирген. Айыл аймактагы Тараша колотунан жамгырдан түшкөн агым суулар Базар- Коргон - Кызыл- Үңкүр автоунаажолуна сел түшүп жолдогу унаалардын жолун бөгөп калган, жалпысынан 4 участкада биригип 2 чакырым жол 12000м3 сел калдыктарынан тазаланып кечки саат 21:00гө каттам толук ачылган.
Ага удаа эле, Кеңеш айыл аймагына караштуу Каба айылында саат 14:50 чамасында жаап өткөн жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, айыл башчылардын берген маалыматы боюнча турак жайларга сел суулары кирген эмес. Базар-Коргон - Жай-Терек автоунаа жолунунун 60метр аралыгын сел суулары жеп, жол каттам токтоп калган. Куткаруучулар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аракети менен жабылган жол саат 21:00гө бир тараптуу жол каттам ачылган.
Жай терек автожолунда да 2 жерден суу жээкти жэп техникалар токтоп калуу коркунучу жаралып, жол саат 1:37де суу нуктары түздөлүп бир нукка салынган»,-деди ал.
Буга чейин нөшөрлөп жааган жаандан улам Аксы районун бир канча айыл аймактарында сел жүрүп, кыян бир канча турак жайдын короосуна жана 3 социалдык обектини каптаганы белгилүү болгон.